Дүйнө
Жаңы айфон — iPhone SEнин баасы бир паста 25%ке түшүп кетти

Апрелдин аягында Apple акыркы төрт жылдын ичинде биринчи жолу сатыкка өтө арзан айфонду — iPhone SE (2020) чыгарды. Бул смартфондун корпусу мурдагы iPhone 8дики, бирок камерасы жакшыртылган жана iPhone 11дин кубаттуу процессору менен жабдылган.
Россияда 64 ГБ iPhone SEнин базалык версиясын 40 миң рублдан сатууга рекомендация берилген. Бирок сатыла баштагандан тартып бир ай өтпөй эле бул смартфондун баасы 33 миң рублга чейин арзандап кеткен.
Мындай баа менен iPhone SEге Android-смартфондордун бир дагы башка версиялары конкурент боло албайт болуш керек.
Abal.kg



