Коом

Атасы кош бойлуу кызы менен күйөө баласын атып өлтүрдү

Алматы калаасынын — түштүк борбордун укук коргоочу органдарынын кызматкерлери оор кылмыш ишин иликтеп жатышат  —  69 жаштагы улгайган киши 31деги кызы менен 23төгү күйөө баласын атып салып, андан соң өзүн-өзү атып өлтүргөн, деп билдирди NUR.KZ, Алматынын полиция департаментинин пресс-кызматынын маалыматына таянып.

Бул окуя калаанын Түрксиб районунда болгон. Алдын-ала алынган версия боюнча ал киши үй-бүлөөдө чыккан чырдан улам ушундай кылмышка барган.  Кызы төрөөрүнө бир ай  калган. Эки кишини жана өзүн атып өлтүргөн мылтык үй-бүлөөнүн башчысына катталган. Полиция департаменти, кошуналары бул үй-бүлөөнү жакшы жана тынч жашашчу деп мүнөздөп жатышат, деп билдирген.

Кош бойлуу кызы менен күйөө баласын өлтүрүүгө эмне себеп болгону азыркыга чейин табышмак бойдон калууда. Бул трагедия карантин убагында кечээ гана болгон.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button