Окуялар
Таш боор эне, чыркырап сабалган кыз. Жүрөктү ооруткан көрүнүш (видео)

Интернетте жалынып-жалбарып, чыркырап, мурду-башы канжалаган тестиер кызды, таш боор энеси кантип сабап аткан видеосу тарады.
Көргөндө адамдын жүрөгүн оорута турган бул видеодо, жаш эле аялдын кичинекей кызды бурчка камап алып аесуз уруп атканы көрсөтүлгөн. Мындай энени эне деп айтышка ооз барбайт.
Окуяны Mateus Campina деген Сан-Паулулук жигит интернетке койгон. Бирок, мындай таш боор көрүнүш кайсы өлкөдө өтпөсүн, кандай ата-эне ушундай адам көргүс жорукка барбасын – мыйзам алдында толук жооп берээрин эч качан, эч кимиси унутпашы керек!



