Коом
Бишкекте менчик бала-бакчанын кызматкерлеринен коронавирус чыкты
ПЧР-диагностикасынан өткөрүүдө Бишкек шаарындагы бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус аныкталган.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, алардын арасынан үчөө №111, №35, №37 муниципалдык бала бакчалардын кызмактерлери. Дагы үчөө «Ак Шоола», «Ак Жол» жана «Асылай» менчик бала бакчаларынын кызматкерлери.
«Алардын баары бейтапканага жаткырылды, алар менен байланышта болгондор аныкталып, үй карантинине жиберилди. Мамсанэпидкөзөмөл борбору бардык учур боюнча эпидиликтөө жүргүзүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Бардык бала бакчлардын кызматкерлери ПЧР-тесттен өтүшүүдө: муниципалдык бала бакчалардан 1 миң 668 адам, менчик бала бакчалардан 2 миң 266 адам, ведомстволук бала бакчалардан 251 адам.
Abal.kg



