Мамлекеттик мүлккө сугун арткандар жазасыз калбайт (видео)

Чуулгандуу “Музей” жана “Ипподром” иши боюнча сот өкүмү чыкты. Музейди оңдоо шылтоосу менен оңбогондой акчалар кымырылганы 2018-жылы ачыкталган.
Музейдин оңдоо иштери аяктагандан кийин катардагы эле жарандар эмес, депутаттар да көрүп, таң калганын жашырышкан эмес.
Ал жактагы эки жыгач аттын баасы эле 28 миң евро болгон. Ал эми кадимки эле отургуч 100 миң сом турган. Музей кире беришиндеги таяктардын баасы да таң калаарлык. Жөн эле жыгач таяк 35 миң доллар турган.
Ипподром жана музейди оңдоодон мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 247 миллион сомдон ашуун болгон.
Убагында Туркия Тарых музейине 15 миллион грант бөлүп, башкача айтканда акысыз эле оңдоп берүүнү сунуштаган. Бирок ошол кездеги Президенттин администрациясы маданий жай ремонту Атамбаев кызматтан кеткиче бүтүш керек деп шаштырып, түрк тарап грант берүүдөн баш тарткан. Ошондон кийин мамлекеттик бюджеттен бир жарым миллиарддан ашык каражат бөлүнгөн.
Бул видеодо Музей жана Ипподромдун ремонту боюнча толук маалыматты ала аласыз:



