Жапыкеев жарандык согушка чакырып жатабы?

“Чындык сыртка чыккыча, калп жер шарын эбак айланып келген болот”
(Уинстон Черчилль)
Миллиондор кайдан чыкты?
Акыркы кезде КР Жогорку Кеңешинин депутаты, техника илимдеринин доктору, физик-окумуштуу, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Кубанычбек Жумалиевдин адамдык кадыр-баркына көө жаап, репутациясын жокко чыгаруу аракети жүрүп жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында Кубанычбек Жумалиевдин адвокатынын билдирүүсү жарыяланды. (https://kaktus.media/doc/414196_biznes_postroen_na_kreditnye_sredstva._otkrytoe_pismo_advokata_kybanychbeka_jymalieva.htm)
Ушул жана башка маалыматтарды окуган адам К. Жумалиевдин “миллиарддаган бизнес империясы” жалаң банктардан алынган кредиттерден турганын оңой эле байкайт. Эми ошол кредиттер кандай ишмердүүлүктөр үчүн алынганына саресеп салып көрөлү. Жалпысынан алганда 2006-2015-жылдар аралыгында К. Жумалиев коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенген. Анын ичинде соода-сатык, өндүрүш, илимий изилдөө иштеринин натыйжаларын өндүрүшкө киргизүү сыяктуу түйшүктү көп талап кылган жумуштар бир топ. Түзүлүшүнө К. Жумалиевдин тиешеси бар, Түштүк Корея, Кытай, Англиядан инвесторлорду тартуу менен иштеп жаткан 6 биргелешкен ишкана бар. Алардын бардыгынын иши оор өнөр жайына тиешелүү көмүр брикеттерин өндүрүү, кирпич, цемент жана башкаларды өндүрүүгө байланышкан. Ар бирин санап отуруунун кажети жок, ошол ишканаларда жүздөгөн адамдар иштеп, үй-бүлөсүн багып жатат.
Эми ошолордун арасынан Ноокендеги цемент заводунун ишине кеңири токтоло кетели. 2006-2015-жылдарда “Курманбек” ЖЧКсы цемент чыгаруу үчүн геологиялык чалгындоолорду жүргүзгөн. Ишкана ушул өндүрүшкө зарыл болгон кен байлыктарды изилдөө үчүн лицензияга ээ болгон. Жалал-Абаддын Ноокен районуна цемент заводду куруу үчүн жер дагы алган. Учурда заводдун курулушу 30 пайызга бүткөрүлдү. Бул өндүрүштү башкарган компания 9 пайыздык үстөк менен 12 миллион АКШ долларын кредит жана заем катары алган. Бирок заводдун курулушун аягына чыгарып, бардык жабдууларды монтаждап, заводдун ишин баштоо үчүн дагы 14 миллион АКШ доллары аба менен суудай керек болуп турат. Кудай жалгап, анча каражатты сала турган инвестор да бар. Былтыр заводдун курулушунда 300 адам эмгектенген. Завод ишке киргенден кийин ал жерде 350 адам туруктуу иштешет. Канча жумушчу татыктуу каражат таап бала-бакырасын бага алаарын, мамлекетке канча салык төлөп пайда келтирерин да эсептей бериңиз. Эң кызыгы, бул завод тампонаждык жана портланд-цемент чыгарып аларды бүтүндөй Борбор Азиянын Казакстан, Түркмөнстан, Афганистан, Өзбекстан өлкөлөрүнө экспортко чыгарат. Себеби бул өлкөлөрдө жогоруда аталгандай цемент чыгарган завод жок. Мындан тышкары кытайлык өнөктөштөр менен биргелешип кирпич чыгарган завод иштеп, ал жерде 300 жумушчу иштеп жатат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында “Кубанычбек Жумалиев ондогон кампаниясын жашырып жүрүптүр” деген маалыматтар жүргөнүнө бир топ убакыт болду. Азыркы учурда Кубанычбек Жумалиев жубайы экөөнүн кандайдыр бир үлүшү бар болгон 50 компаниянын 36сы жоюлган, айрымдары жоюлуу стадиясында турат. Булардын бардыгы иштеген учурда салыктарды, Соцфонд төлөмдөрүн төлөшкөн. Ал эми чет элдик өнөктөштөр катышкан компаниялар өз алдынча иштешет. Кубанычбек Жумалиев иштебеген компаниялардын бардыгынын негиздөөчүлөр курамынан чыгарылган, ал ишканалардын салык, Соцфонд боюнча карызы жок.
Ошентсе да коомчулукта ушундай ар тармактуу, ондогон бизнести жолго коюу үчүн Кубанычбек Жумалиев каражатты кайдан алды деген мыйзамченемдүү суроо жаралат. Кубанычбек Жумалиев жана анын өнөктөштөрү Кыргызстандын банктарынан 16 миллион АКШ долларын кредит катары алышкан. 2006-2015-жылдар ичинде 2 500 000 миллион АКШ доллары 14 пайыздан 27 пайызга чейинки коммерциялык үстөк менен алынган. 2015-жылдан тарта ушул убакка чейин ишенимдүү башкарууга берилген компаниялар 13 500 000 миллион АКШ долларын 8,5 пайыздан 12 пайызга чейин үстөгү менен кредит алып иштеп жатышат.
Abal.kg



