Коом

Чек арадагы чырда ооруканага түшкөн киши каза болду

басымы көтөрүлүп ооруканага түшкөн жергиликтүү тургун Айтбай Акынов бүгүн, 10-июнда, каза тапты. Бул маалыматты облустук өкүлчүлүктүн маалымат кызматы тастыктады.

«49 жаштагы Акынов эки уул, бир кыздын атасы болгон. Чыр-чатак учурунда жабыр тартып, кан басымы көтөрүлүп кеткен. Дароо Айдаркен шаардык ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө 10 күндөн бери жаткан. Тилекке каршы, 10-июнга караган түнү ооруканада каза болду», —  деп кабарлаган маалымат кызматы.

Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 киши жаракат алып, ооруканада жаткан төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button