Гүлзат Ормонбекова: ”… бул био-согуштун акыркы сменасына чейин чыдадым”

Май айынын ичинде эле “Жигиттерге шерменде кат!” жазып, интернетти буй кылган, Москвада жашаган жердешибиз Гүлзат Ормонбекова, коронавирустун чордонунда күрөшкөн медиктердин алдыңкы сабында болуптур. Бел чечпей нечен кишилердин өмүрүн сактаганга салымын кошкон медайым, “био-согуштун акыркы сменасына чейин” чыдаганын айтып, өзүнүн фейсбук баракчасында пост чыгарды.
Гүлзат Ормонбекова:
«Бүгүн буюрса акыркы сменге чыгам.
Эртең мобореки «бронежилетимди » утилизацияга ыргытып салып үйгө келем!
Кандай жыргал!
Канткен менен бул био-согуштун акыркы сменасына чейин чыдадым.
Ооруп калган кесиптештерим да болду.
Мени Кудай,атам-энемдин дубасы,бала-чакамдын тилек-үмүтү сактап, сак-саламат үйгө кайтчу күнгө жеттим.
Элдер үчүн карантин бүтсө, биз үчүн эми башталат самоизоляция.Приказ!
Эки жума үйдөн чыкпай олтурабыз.(үйдө,бала-чакабыз менен). Приказың менен десе. Приказ чыгарып атканда каягы менен ойлонушат ушу чоңдор. Как законопослушный гражданин, я буду соблюдать и выполнять приказ. Будем находиться под наблюдением врачей и под наблюдением полиции, чтобы не нарушали приказ. А главное больничные выплатят! А это уже что-то!
Ну что ж. Будем сидеть на самоизоляции..
Ал эми бул «бронежилет » кийип түшкөн сүрөтүмдү сактап койдум. Кыйналган күндөрүмдө «мындан да кыйын кезде иштебедим беле » деп эстеп жүрүш үчүн».

Abal.kg



