Маданият

КР эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду

Бугүн, 11-июнда кктёр, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги Учкун конушундагы актёрдун өз үйүндө өттү. Ага бийлик жана маданият өкүлдөрү катышкан.

Кыргызстандагы белгилүү актёр, Бопуш деген ат менен белгилүү болгон талант Марат Жантелиев 9-июнда, 59 жаш курагында ооруканада каза болгон.. Артында бир уул, эки кызы калды.

Марат Жантелиев Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур өрөөнүнүн Лахол айылында туулган. Ал Москва шаарындагы кинематографиялык институтту бүтүрүп, бир катар тасмаларда роль жараткан. Көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында эмгектенип келген.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button