Коом

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” тестин өткөрүү күндөрү аныкталды

Өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер бүтүрүүчүлөр үчүн “Алтын тамга” тестин өткөрүү күндөрү аныкталды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүн брифингде билдирди.

Анын айтымында, тестке 1 345 бүтүрүүчү катталды.

“Сынакка катышуу милдетүү эмес, ыктыярдуу түрдө болот. Аттестация планшеттердин жардамында тестирлөө формасында өтөт. Планшеттер менен улуттук тестирлөө борбору камыздайт”, – деди Исмаилова.

“Алтын тамга” аттестациясы облустук билим берүү борборлорунда өткөрүлөт.

Тестирлөөнү өткөрүү күндөрү:

  • 12-июнь — Баткен жана Талас облустарында;
  • 13-июнь — Ош облусунда;
  • 14-июнь — Жалал-Абад облусунда;
  • 16-июнь — Нарын жана Ысык-Көл облустарында;
  • 17-июнь — Чүй облусунда;
  • 18-июнь — Бишкекте

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button