Окуялар

“Кайнар” ресторанындагы иш чараны тарткан журналист Марат Уралиевге кол салуу болду

Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жайылтпоо максатында баардык коомдук иш чараларга тыюу салынганына карабастан Бишкек шаарындагы  белгилүү бир ресторанга белгилүү саясатчылардын бири тууганына куран окутуу  иш чарасына чогулган. Мыйзамга баш ийбей, эл чогулган жерди тартууга барган  журналист Марат Уралиевге ошол жердеги  бейтааныш жигит кол салган.

“Кактус Медиа” сайтынын журналисти Марат Уралиевдин айтымында Бишкек шаарындагы “Кайнар” ресторанында карантиндик режимге карабай аттуу-баштуу көп кишилер чогулган куран окутуу болуп жаткан. Тыюу салынганына карабай массалык көп киши чогулуп жатканын видеого тартып жатканда Марат Уралиевге граждандык кийимчен бейтааныш бир жаран (айрым маалыматтарда ал мурда Өмүрбек Бабановдун күзөт кызматында иштегени айтылууда) “тартканга болбойт” деп тоскоол болуп, жолдон ар өтпөөгө буюруп, акырында журналисттин колун бурап, муунткан.

Ал  эми Бишкек шаарындагы “Кайнар” ресторанынын мыйзамга баш ийбей  ар кандай иш чараларды өткөргөндүгүнө байланыштуу  аталган мекеменин администрациясына айыппул салынганы маалымдалып, ресторан учурда убактылуу жабыла турганын Бишкек мэриясы билдирди.

Иш чара өтүп аткан ресторанга барган Октябрь районунун акимиатынын кызматкерлерин да киргизбей, алардын колундагы телефондорун да тартып алышкан, күзөтчүлөр.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button