Окуялар

«Кайнар» ресторанына куран окутууга барган конокторго айып салынбайт

Кечээ Бишкек шаарындагы «Кайнар» ресторанына куран окутууга барган конокторго мыйзам боюнча айып салынбайт. Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифинг учурунда билдирди.

Жакында эле чектөө киргизилгенине карабастан аталган ресторанда куран окутуу болгон. Мындан улам ресторан администрациясы 3 000 сомдук айыпка жыгылган. Айрым ЖМКлар куран окутуу иш-чарасына Жогорку Кеңештин депутаттары жана аткаминерлер барганын жазып чыгышкан.

Кундашев эгер алдын ала бул боюнча маалымат түшсө, массалык иш-чараны өткөрүүгө тыюу салынмактыгын баса белгиледи.

«Биз, милиция жана акимиат кызматкерлери, иш-чара болуп жаткан жерге барып, бул иш-чарага тыюу салмакпыз», —деди ал.

Эскерте кетсек, өлкөдө өзгөчө кырдаал режими алына элек. Ошондой эле бир катар мекемелердин ишмердүүлүгүнө да уруксат берилген эмес. Анын ичинде өлкөдө той-аштарды уюштурууга да азырынча болбойт.

Ал эми кечээ аталган ресторанда белгилүу бир саясатчы куран окутуп, бир топ чиновниктер келгени тууралуу «Кактус-медиа» маалымат агенттигинин журналисти видеого тартканы интернетке тараган эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button