19 жаштагы кыз 35 кишини алдап, 1,6 миллион сомун алганы үчүн кармалды

Бишкекте жарандарды 1,6 миллион сомго алдаган деп шектелип 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө К.К. аттуу аял арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде, эки жаран өздөрүн «Форекс» биржа компаниясынын кызматкерлерибиз деп тааныштырышып, бул компанияга акча салса кайра 40-50 пайыз менен пайда табаарын убадалашкан. Ал аял алардын эсебине 1 миллион 615 миң 900 сом акча которгондон кийин алдамчылар из жашырып кетишкен.
Факт Кылмыш жана жоруктар реестрине катталып «Алдамчылык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары 19 жаштагы А.Б. аттуу кызды кармашкан.
Баш коргоо чарасын караган Биринчи Май райондук соту кызды эки айга СИЗОго камоо тууралуу чечим чыгарган. Дагы бир Т.М. аттуу жигиттин өздүгү такталып, ал күбө катары өтүп жатат.
Мындан тышкары, дагы 35 жаран ушундай эле арыз менен укук коргоо органдарына кайрылышкан, келтирилген зыяндын көлөмү такталууда.
Abal.kg



