Ырчы Анжеликага карантин эрежесин бузганы үчүн айып салынабы? (фото)

Кечээ, 12-июнь Кыргызстандын белгилүү ырчы айымы Анжелика 31 жаш өздүк майрамын жана «Likа beautybar» аталышындагы салонунун ачылыш аземин өткөрдү.
Ачылыш аземинде Айзада Жамгырчиева жана Эркин Нурбаев алпаруучу болуп, Анжелика айым жетектеген “Kids Star” жана “Шекер” топтору ырдап элдин маанайын көтөрүшкөн. Андан сырткары белгилүү шоу бизнес өкүлдөрү дагы келип, көпчүлүгү акчалай конверттерин тапшырып , куттуктап жатышты. Келген коноктор: Кубат Оторбаев, Назира Жетигенова, Гүлжайна Атаканова, Аваз Акимов, Айдана Дека, Гулнур Асанова жана башка бир топ коноктор болгон.

Ырчы туулган күнүндө түнкү саат 12ден кийин эле куттуктоолор келе баштаганын, сүйүктүүсү, жакындары кандай куттуктаганын айткан.
Ал эми ырчы айымдын салонунун ачылышына бир топ чыгармачыл, аттуу-баштуу адамдар барышканы белгилүү. Учурда карантин талабы жоюла элек болсо да ал жакта бир да кишинин беткап кийбей жүргөнүн көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, буга чейин “Кайнар” ресторанында куран окутуу батасына келген элдин көптүгүнө байланыштуу аталган имаратка айыппул салынып, убактылуу жабылганы белгилүү. Ал эми азыркы тапта эл чогулбай, социалдык аралыкты сактоо талап кылынууда.

Ырчы Анжелика Кайратованын элди көп чогултканы үчүн, азыркы учурда дале талап кылынып жаткан карантин эрежелерин бузганы үчүн айып салынабы же?..

Abal.kg



