Кыргыздын кыйын кыздары. Пандемияда мигранттардын маселесин чечкен айымдар

Кыргыздын кыйын, адискөй кыз-жигиттеринин ишин жарыялап, коомго таанытып туруубуз керек. Ар дайым жакшы жаңылык менен бөлүшүп туруу элге да жакшы маанай тартуулап, иштеген адамдарга дем берет, башкаларга сабак болот эмеспи.
Учурдагы дүйнөнү каптаган пандемияда жер шарынын баардык жагында, өзгөчө Россиядагы кыргыз мигранттарына эбегейсиз кызмат кылган кыргыздын кыраан кыздары тууралуу Авланбек Жумабаев Фейсбук баракчасына ыраазычылык билдирүүсүн жазды:
«Кыргызстандын дипломатиялык
кызматын көп сындайбыз. Бирок алардын коом менен байланыш жагын тейлеген
кызматкерлер мактоого татыктуу. Мына ушул сүрөттөгү эки кызыбызды терең
урматтайм. Алардын ишине кызыгып, жасагандарына суктанып жүрдүм. Экөө тең
дипломатиядагы эң оор участокто — Москвада иштеди.
Ушул күндөрү Гүлбарчын Байымбетова миссиясын аяктап, мекенибизге кайтып
келиптир. Москвадагы кызмат учурунда эң чоң сыноолорду башынан өткөрдү. Чү дегенде
эле басмаканада тирүүлөй күйүп кеткен жапжаш кыздардын маселелери менен алек
болуп калды. Эми ал кандай оор экени айтпаса да бергилүү. Андан бери биздин
мигранттардын маселелеринен башы чыккан жок. Элчиликтен чыккан абдан көп
көйгөйлөр боюнча билдирүүлөр, пикир алмашууларды Гулбарчын аркылуу билип
жаттык. Кетээр-кеткенче биздин жарандардын, кыргыз улутунун өкүлдөрүнүн көйгөйү
менен алек болуп жүрдү. Акыры пандемиянын кесепетинен жаралган мигранттардын
азабын баштан өткөрдү. Бирок ушундай оор абалда да элчилик тизелеп калбай, көп
аракеттерди жасады.
Ага чейин Айымкан Кулукеева да ошол Москвада жан үрөп иштеп жүргөнүнө күбө болдук. Ал азыр Белоруссияда кызматын мыкты аткарып жатат. Мыкты дегеним, алардын коомчулук менен байланыш иштерин жакшы деңгээлде өткөрүп жатканын айтам.
Ушул эки кыз ден-соолукта болушсун.
Сүйлөшүп алып жазып жатат деп ойлобогула. Менин пикиримди колдой тургандар көп
болсо керек. Экөө менен тең байланышпаганыма көп болду. Жөн гана Гулбарчындын
үйүнө кайтканын угуп, жазып жатам.
Эми кыргыз дипломатиясы кээ бир эргулдарды элчиликке курортко жиберилгендей, ал жакта иштеп жүрүп коммерция менен алек болгон учурлары көзгө урунуп, сынга кабыл болуп жүрөт. Эч даярдыгы жок эле нечен жылдан бери министрликтин өзүндө тарбияланып жаткан жаш дипломаттардын нанын тартып жеген саясатчылар бар. Атамбаевдин учурунда эч даярдыгы жок чыканактай болгон пресс-катчысын АКШга дайындаган. Мындай практика ага чейин эле башталган, азыр да токтогон жок.
Бирок кыргыз дипломатиясынын ишинин маңызын, көркүн ачкан ушундай кыздарыбыз бар экенин унутпайлы. Бар болгула, кыздар! Силерге дагы көп үмүт артабыз!!! Глобалдашуу учурунда силердин кызматыңар кыргыз үчүн абдан маанилүү. Билбейм, эмгегиңерди баалап, министрлик, өкмөт сыйлык ыраа көргөнбү, же жокпу? Бирок өзүмдүн, менин пикиримди бөлүшкөндөрдүн атынан силерге алкыш айтам.
Учурдан колдонуп Германияда элчиликте консул болуп иштеп жүргөн Мирант аттуу жигитке да дагы бир ирээт ыраазычылыгымды билдирем. Мурун жаздым эле. Бирок жакшыны жакшы деп айта бергенден жадабайм. Неберем төрөлүп, кызым менен күйөө балам консулга кайрылышты эле. Улуу кыз неберемдин да паспортунун мөөнөтү аяктап баратат. Эмне бар, эмне жок деп жасап беришти эле. 3 күндүн ичинде. Пандемия баарыбыздын жашообузга көп тоскоолдуктарды жаратып отурат. Миранттын көрөгөчтүгү мени таң калдырды. Ага да дайым ийгилик каалайм.
Эл үчүн кызмат кылып жүрө бергиле!»- деп жазды.
Abal.kg



