Окуялар

Кочкор районундагы жайыт талашка 200 милиция кызматкери барды (видео)

Нарын облусунун Кочкор районунда жайыт маселеси боюнча чогулган элдин коопсуздугун камсыз кылуу ишине 200дөй милиция кызматкери барды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Кочкор районунда жайыт талашып эл чогулуп жатканы кабарланып, видеолору тараган.

Видеодо «эки айылдын ортосунда пикир келишпестик жаралганы жатат» деп айтылган.

Нарын ОИИБ маалымат кызматы билдиргендей, 14-июнда Кочкор районундагы Кара-Кужур аймагында жайыт маселесин чечүү үчүн жергиликтүү тургундар чогулушкан. Коомдук тартипке көзөмөл кылуу үчүн жерине 200дөн ашык милиция кызматкери барган.

«Эч кандай тартип бузуу фактылары болгон жок, бүгүнкү күндө абал туруктуу», — деп айтылат маалыматта.

Нарында жайыт чыры токтой элек. Буга чейин Нарын районунун тургундары да жайыт талашып, анын видео, сүрөттөрү соцтармакка тараган.

Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Асейин Саралаев видеону жүктөп төмөндөгүдөй пикирин жазган:

Кыйраттыңар!!! Бул тасманы тартып: «Согушкан жатабыз! Кочкорлуктар көп болуп кетти. ТЫНЫМСЕЙИТ, Миң-Булак, Куйбышев, Өрнөк чыккыла! «,- деп жаткан көк мээ күчүк региондор аралык кастыкты коозутуп жатат!!! Тынымсейит деп урууларды да козгоп жатат! Дагы бир өйүздөгү КОКУ деген бала болом деген арам болсо: «Кочкорлуктар мыкаачылык менен басып алышты, чыккыла!»,- деп ватсаппта кыйкырып жүрөт. УКМК ушундай жарма патриотторго чара көрөт деп ишенем. Баткенге барып таш кармаган бузуку тажиктерге ошентип тап берсеңер гана, үйдө баатыр жоодо жоктор!!!
Кочкорлуктар жайыт талашып жол тоспойт! Эгер жолду бекитип койсо Нарын районунун ошол эки айыл өкмөтүнүн элдери гана эмес бир облустун элине кыйын болот. Бирок биздин эл андай иттикти кылышпайт! Анан дагы кочкордун эркектери, ойроттор каптап келе жаткансып аялдарын, эки сааттан кийин төрөйм деп аткан келиндерин, бир буту көрдө турган карыган чоң энелерин калкан кылып алдыларына тизип алып этектерине жашынып албайт! Мыйзамды дайыма жогору коёт жана кайсы гана бийлик өкүлү болбосун ажылдабай, аңкылдабай, каңшылабай угушат жана акыркы чечимди мыйзам жолу менен чечүүнү көздөшкөн эл.
Ишенсеңер Нарын районунун эки айыл өкмөтүнүн жол тоскуч, жайыт талашкычтарын тирүү адам эмес Кочкордон келген: уй, кой, жылкы, эчки, топоз, малчылардын иттеринен бери сөкчүдөй деңгээлге жетиптир.
Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн жайыт маселесин тезирээк чечип бербесеңер эртең Нарындык туугандар айтмакчы согушчудай болуп калышыптыр… Өткөндө губернаторду ит талагандай кылышканда эле түңүлгөм… МЫЙЗАМ иштесин!!!»- деп жазган.

https://www.facebook.com/aseiin.saralaev/videos/3027725440654171/?t=9

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button