Бишкек мэриясы: Урушсаңар да, чапсаңар да, тепсеңер да таарынбагыла! Шаарды жабабыз!

Кыргызстанда карантин режими токтоп, бирок талаптар ошол боюнча сакталууда. Учурда биртоп ишканалар ишке киришти. Бирок, санитардык талаптарды аткарбаган ишканалардын, жарандардын саны арбын. Акыркы кездерде коронавирустун очогу Бишкек шаарында болууда. Ушундан улам Бишкек шаардык мэриясынын Аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Фейсбук баракчасы аркылуу шаардыктарга кайрылуу жасады:
«Акыркы эки күндө 98 адам ооруду.
Айтсак жаман көрөсүңөр. Ишенбейсиңер. Көңүл кош карайсыңар. Урушсаңар да,
чапсаңар, тепсеңер да эми таарынбагыла. Эл көп жүргөн базар, соода түйүндөр,
ресторан жана кафелер, такси жана коомдук транспорт ээлерине акыркы каттуу
эскертүү. Санитардык нормаларды сактабасаңар жазасын аласыңар. Маска кийип
аралыкты сактагыла. Колуңарды жууп тургула.
Укпасаңар ишенбесеңер эми өз убалыңар өзүңөргө. Дагы күчөп кетсе шаарды жабабыз»,-
деп айтты.
Эскерте кетсек, акыркы эки күндө Бишкек шаарында коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 98ге жеткен. Бейтаптардын көпчүлүгү кайдан жуктуруп алганы белгисиз боюнча калууда.
Abal.kg



