Саясат

Ким премьер болот: Кубатбек Боронов, Эркин Асрандиев, Узарбек Жылкыбаев?..

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ээлеген ордунан кетүү жөнүндө арызын жазгандан кийин, бул вакансияны ким ээлейт деген суроолор дароо пайда болду. Коомчулукта ар түрдүү версиялар айтыла баштады. Акыркы мезгилдерде М. Абылгазиевди алмаштырып, өкмөттүн негизги жүгүн көтөрүп жаткан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновбу; же экономикалык абалдын өтө кыйын экенин эске алып экономист, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевби; болбосо бир эмес эки областы башкаруу практикасы бар, азыркы Ош областындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевби?.. Айтор ушулардын тегерегинде ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Ошол эле учурда, Президент таптакыр эле башка кандидатураны сунушташы мүкүн экени да эстен чыгууга тийиш эмес.

Кыскасы, алдыдагы эки-үч күндүн аралыгында жаңы премьер-министрдин аты аталып калышы ыктымал.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button