Президент Жээнбеков өкмөт башчы Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 16-июнда кабарлады.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө негизделип, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевичтин отставкасы кабыл алынды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелет.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Абылгазиев буга чейин колдоо көрсөткөн президентке, парламентке ыраазычылык билдирип, жыштык чатагында эч кандай күнөөсү жок экенин маалымдаган.
Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган 30-өкмөт 2018-жылы 20-апрелде ишин баштаган.



