Таксистти бычак менен коркутуп, бакка байлап, тоноп кеткен кылмыштуу топ кармалды (фото)

Токмокто каракчылык менен шугулданган кылмышка шектүү топ кармалды.
30-майда түнкү саат 01.00 чамасында кылмышка шектүү адамдар такси жалдап Аламүдүн районундагы Башкара-Суу айылына жеткирип коюуну суранышкан. Жолдо келе жаткан жүргүнчүлөр таксинин айдоочусун пистолет менен коркутушкан.

Таксинин айдоочусун ур токмокко алышып, анын акчасын жана телефонун тартып алышкан. Андан кийин айдоочуну бакка байлап, машинасын айдап кетип калышкан. Ал эми жабырлануучу эртең менен гана ал жерден өтүп бараткан адамдар көрүп калып бошотушкан. Ошол замат милицияга кабар берилип, дароо түнкү каракчылар издөөгө алынган эле.
Арадан көп өтпөй эле машина Токмокто жашаган кылмыштуу топтун мүчөсүнүн үйүндөгү гаражында токтоп турган жеринен табылды. Кылмышка шектүү адамдар машинанын тетиктерин бөлүп, аны сатууга аракет жасашкан экен. Дөңгөлөктөрүн ажыратып, аны сатканга да үлгүрүшүптүр. Милиция кызматкерлери бул ишке шектүү адамдарды колго түшүрүштү.
Кылмышка шектүү адамдар чогулуп алып ушундай иштерди жасаганы белгилүү болду. Алардын бир бөлүгү каракчылык кылса, жарымы унааны айдай качып, атайын даярдалган жерге токтотушчу. Чогулган кылмыштуу топ кармалып, темир торго отургузуштуя. Учурда иликтөө иштери жүрүп атат.





