Коом

Жаңы алгоритм. Коронавирус оорусунун белгиси жоктор эми үйдө дарыланат

Кыргызстанда коронавирусту дарылоонун алгоритми алмашты. Эми оорунун белгиси жоктор үйүндө дарыланарын премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов парламентте көпчүлүк коалициянын жыйыны учурунда айтты.

Эске салсак, учурда парламентте аз каалоосу менен кызматтан кеткен Мухаммедкалый Абылгазиевдин ордуна жаңы өкмөт башчынын талапкерлиги каралып жатат.

«Мурда илдеттин белгиси барларды деле, жокторду деле ооруканага жаткырып келгенбиз. Белгиси жокторду дарылабасак дагы дарыгердин көзөмөлүндө болсун дедик эле. Азыр дүйнөдөгү көп мамлекеттер аларды үйдө карап жатат. Биз дагы ушул ыкмага өтөбүз», — деди Боронов.

Ал кошумчалагандай, үй шартында дарылангандарга көзөмөл күчтүү болот. Зарылдык жаралса кайтарууга алынары дагы айтылды.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2472ге жетип, анын 1847си айыкты, 28 адам вирустун кесепетинен көз жумду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button