Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргызстан гүлдөп-өскөн мамлекетке айланышы керек (ВИДЕО)

Бул тууралуу мурдагы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт мүчөлөрү менен жолугуу учурунда айтты.
Ал: “Кыргызстан, сөзсүз түрдө, гүлдөп-өскөн мамлекетке айланышы керек. Аларды ишке ашыруу үчүн мамлекетибиз такшалган, тажрыйбага бай адамдарга, кадрларга муктаж. Ошондуктан иштен, жоопкерчиликти алгандан коркпой, жетекчи катары күйүп иштөөгө чакырам.
Экономика, жарандардын кызыкчылыгы, өсүп келе жаткан муунга камкордук көрүү бардык рангдагы жетекчилердин ар күнкү жумушунун негизи болууга тийиш. Дагы бир жолу кайталап айткым келет, реформаларга даяр кадрлар менен баруу керек. Бардыгын адистер чечет деп бекеринен айтылбайт. Бардык ресурстарды жана өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн экономикалык проблемаларды чечүүгө жумшашыбыз керек. Мындай системалуу өзгөрүүлөргө алып барган иштерди, сиздер урматтуу коллегалар, татыктуу улантасыздар деп ойлойм.
Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: “Улуу элдин кулуну болгонума сыймыктанам!” деп айтты эле. Мен да бул сөздү колдогум келет. Мен да сыймыктанам. Убакыт – учкан куш деп айтылат.
Мисалы, мен Премьер-министр катары иштеген 2 жыл тез өткөндөй сезилди. Өкмөттө иштегенде убакыт ушунчалык ылдам өтөт. Жаңы келген Өкмөт бизден дагы эффективдүү, чечкиндүү, маселени чече билген Өкмөт болсун. Себеби Өкмөттүн ишинен ар бир жарандын турмушу, социалдык маселелер көз каранды. Мен дагы Премьер-министрликтен кетип жатып, кийинки келе турган Өкмөткө эч качан сын-пикир менен карабайм. Колумдан келсе тажрыйбамды пайдаланып жардам берүүгө даярмын. Ар бириңиздер менен иштешүүгө даярмын”,- деп айтты.
Эскерте кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев 15-июнда Премьер-министрлик кызматтан кетүүгө арызын жазган.



