Окуялар
Батукаевдин иши: экс-башкы прокурор Индира Жолдубаеваны сот залынан камакка алууну суранып жатышат
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.
Сот жактардын жарыш сөздөрүнө өттү. Айыптоочу тараптын өкүлдөрү экс-башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 15 жылга түрмөгө кесүүнү суранып жатышат. Прокурор Жолдубаеваны сот залынан эле камакка алууну өтүнүүдө.
Андан тышкаары прокурорлор аны мамлекеттик сыйлыктардан ажыратууну да суранышууда.
Бул кылмыш иши боюнча 19 киши сурак берип жатат. Алар кримтөбөлгө диагноз койгон врачтар жана лаборант, ГСИНдин өкүлдөрү, ошондой эле чоң-чоң кызаматтарды ээлеп турушкан чиновниктер, анын ичинде мамлекеттин мурдагы башчысы Алмазбек Атамбаев да бар.
Abal.kg



