Саясат

Мухаммедкалый Абылгазиев: Элдин алдында Өкмөттүн отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырдык

Биздин Өкмөт 2000-жылдан кийинки биринчи жолу элдин алдында Өкмөттүн отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырган Өкмөт болду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын мурдагы Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар менен жолугушууда билдирди.

«Ошондой эле биз 3 жолу өлкөнүн реалдуу бюджетин бекиткен жана аны ашыгы менен аткарган Өкмөт болдук, мындан тышкары Антикризистик планды бекиттик. Мен 1-2 санга токтолгум келет: ИДПнын көлөмү 2018-жылы – 3,8% болсо, 2019-жылы – 4,5% өсүштө болдук, ал эми ИДПнын номиналы 2016-жылы – 476 млрд сом болсо, 2018-жылы – 569 млрд сомго барабар болуп, 2019-жылы – 590 млрд сомду түздү, же көрсөткүч 114 млрд сомго жогорулады (+20%). Бюджет 2018-жылы –135 млрд сомго барабар болсо, 2019-жылы – 148,4 млрд сомго жетип, 13 млрд сомго өскөн. Ал эми 2020-жылы COVID-19 пандемиясына чейин бюджетти 163,7 млрд сомго дейре жеткирүү болжолдонгон», — деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүм

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button