Коом

Бишкектеги базарлар дезинфекцияга жабылууда

Бишкектеги “Чынар” кичи базары жана “Кыял” базары дезинфекция үчүн жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Ал ишкерлерге жана соода жайларынын, базарлардын, дүкөндөрдүн, таксилердин, коомдук транспорттун жетекчилерине коюлган санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эскертти. “Эгерде алар стандарттарды бузса, иш-аракеттерин убактылуу чектөө менен жаза колдонулат” деди ал.

Татьяна Кузнецова карантиндин сакталышынын маанилүүлүгүн белгиледи. «Ар кандай байланыштар жана жолугушуулар ден-соолугуңузга коркунуч келтириши мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдардын узактыгын, ошондой эле экономикалык жоготууларды аныктаган иштердин саны ар бир жарандын иш-аракетине жараша болот ”, – деди Бишкек шаарынын вице-мэри.

Эскерте кетсек, буга чейин Орто-Сай жана Аламүдүн  базарлары да дезинфекцияга жабылган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button