Коом
Пакистандан Кыргызстандын 100 жараны кайтып келди
Бүгүн Пакистан Ислам Республикасынан Кыргыз Республикасынын 100 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Биздин жарандар Пакистан тараптан биргеликте Пакистан тараптан биргелешип уюштурулган Исламабад-Бишкек-Исламабад багыты боюнча Пакистан Эл аралык авиакомпаниясынын чартердик рейси менен келишти”, – деп айтылат билдирүүдө.
Учурда, белгиленген тартипте келгендердин бардыгы тиешелүү медициналык процедуралардан өтүшөт.



