Дүйнө

Пекин карантинге жабылды

Бир жума мурда Пекиндеги Синьфади базарында чыккан, коронавирус илдетине чалдыккан 45 кишиден соң, алардын катары дагы өсүп, бүгүнкү күндө 137ге жетти, деп билдирди BBC Newis орус кызматы, 17-июнда.

Ушул абалга байланыштуу 21 миллион эли бар Пекиндин 27 районуна орточо коркунучтагы инфекциялык абалдагы зона деген категория берилди. Ал эми Синьфади базарын тегерегине жайгашкан 28-районго өтө чоң коркунучтагы инфекциялык зона деген категория ыйгарылды. Бул райондо жашагандарга Пекинден башка жакка чыгууга толук тыюу салынды. Ушул 28 райондун жашоочуларынан башкаларына Пекинден чыгууга уруксаат берилген, бир гана шарт менен: сөзсүз түрдө коронавируска тест тапшыруулары керек.

Азыр Пекин 9-июлга чейин поезд каттамдарын токтотту. Андан сырткаары Пекинге келчү жана Пекинден кетчү 1255 авиарейс токтотулду. Борбор калаа азыр инфекциялык коркунучтун үч стадиясынын экинчи стадиясында деп жарыя кылынды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button