Окуялар
Ишембиде күн тутулат. Бишкек убактысы боюнча канчада болот, билип алыңыз

21-июнь, жекшемби күнү, кыргызстандыктар күндүн шакек сымал тутулуусунун жарым-жартылай фазасын көрө алышат.
Ал фазада күндүн диски жарым-жартылай жабылып турат.
Бишкектин жашоочулары үчүн активдүү фаза 2 саат 49 мүнөткө созулат. Ал жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:12де башталып 14:01де аяктамакчы. Эң бийик чегин 12:35де күтүүгө болот. Шакек сымал фаза 38 секундага созулганы менен Кыргызстанда ал көрүнбөй турганы айтылды.
Кыргызгидромет билдиргендей, 21-июнда өлкөнүн бардык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Күнгө байкоо жүргүзүү үчүн эң жакшы жерлер Кытайдын түштүгүндө, Индиянын түндүгүндө, Пакистандын түштүгүндө, ошондой эле айрым Араб жана Африка өлкөлөрүндө экендиги кошумчаланды. Астрономдор тутулууну фильтр менен байкоону эскертип өттү.



