Окуялар

Лейлектеги адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмышка шектүү жаран кармалды (фото)

2020-жылдын 15-июнь күнү Лейлек РИИБне Исфана шаарында белгисиз кишинин өлгөнү боюнча кабар келип түшөт.

Аталган жерге Лейлек РИИБнин жетекчилиги ыкчам тергөө тобу менен барып, төмөнкүлөрдү аныкташкан. 2020-жылдын 15-июнь күнү болжол менен саат 16.50 чамасында Исфана шаарынын 41жаштагы тургуну Ж.Б. тааныштары 49жаштагы Б.А. жана 41жаштагы М.Б. болуп үчөө спирт ичимдиктерин ичип олтурушуп, пикир келишпестиктен өз ара айтыша кетишип, 41жаштагы Ж.Б. колундагы бычагы менен 49жаштагы Б.Аны денесин, мойнун союп, өлтүрүп салып окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Жогорудагы аталган факты Лейлек РИИБнин КЖБРне Жазык Кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми алынган заттарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Кылмыштын изи сууй электе Лейлек РИИБнин ЭММКАКтын ыкчам кызматкерлери тарабынан 41жаштагы Ж.Б. качып жүргөн жеринен кармалып келип, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button