Гүлшат Асылбаева: Фейк-маалыматтар актуалдуу көйгөйгө айланып, элге маалымат жеткирүүдө негизги канал социалдык тармактар болуп калды

Депутат Гүлшат Асылбаева мындай пикирин Аялдар форумунун «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун онлайн талкуусунда баса белгиледи. Анын айтымында, интернеттеги жалган маалыматтар элди жабыркатып, коомчулукта дестабилизация жаратып, паника кылып, толкундоолорго алып келет.
«Муну биз коронавирус пандемиясы маалында көрдүк. Бүгүнкү күндө фейк-маалыматтар элдин репутациясына эле эмес, коомдук пикирди манипуляциялоо менен компанияларга карата соцтамактарга компроматтарды чыгарып, зыян келтирип жатышат. Акыркы мезгилдерде фейк-маалыматтар эң актуалдуу көйгөйгө айланды. Анткени, элге маалыматтарды жеткирүүдө негизги канал социалдык тармактар болуп калды»,- дейт депутат Гүлшат Асылбаева.
Онлайн жыйындын жүрүшүндө Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусунан өтүп жатканына токтолду. Документке ылайык, интернет сайттардын администраторлору өлкө мыйзамдарына карама-каршы келген эреже бузууларды алдын алуу боюнча контентти чектеши керектиги белгиленген. Ошону менен бирге алар юридикалык жана башка маанилүү маалыматтарды алуу үчүн аты-жөнү жана электрондук адресин сөзсүз түрдө көрсөтүшү керек.
Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору жарандардын өз оюн билдирүүсүнө, сөз эркиндигине, демократиянын негиздерине каршы келбестигин билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө интернетте ар кандай жаңы чакырыктар болуп жатат. Бул жерде сөз коомчулукта калп, жалган маалымат тараткан фейк-акакунттар туурасында болуп жатат.
Тилекке каршы, фейк-акаунттарды колдонуп, кайсы бир адам тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу аркылуу өч алган учурлар бар.
Мыйзам долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө адеп–ахлак нормаларын эч ким жокко чыгара электигин баса белгилеп, «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун колдоого чакырык жасады.
Депутат эң эле жөнөкөй нерсе үй-бүлөдө улууларга урмат кылып,кичүүлөрдү колдоого алуу, мектептерде окуучулар мугалимдерин сыйлоосу же мугалимдер окуучуларына сый мамиле кылуусу сыяктуу жана башка көптөгөн адеп-ахлак маселелерин колдоо зарылдыгына токтолду. “Мында кылмыш жоопкерчилиги, сөз эркиндиги тууралуу эч бир сөз жок. Адеп-ахлак тууралуу сөз болуп жатат. Же кимдир-бирөөнүн ушундай фейк акаунттардын чабуулуна калбайт деген кепилдиги барбы?”,- дейт ал.
Дагы бир демилгечи депутат Айнура Осмонова жалган айтуу, жөнү жок каралоо сөз эркиндигин принциптерине кирбестигин баса белгиледи.
«Ат, мышык, же машине, ар нерсенин сүрөттөрүн коюп алып эле өзүнүн оюна келген, коомго туура келбеген нерселердин баарын жазат. Критика деген бул бөлөк нерсе. Критика болсун, мейли. Бирок, негиздүү конструктивдүү критика болушу керек. Сөз эркиндигине эч ким чектөө койгон жок. Социалдык тармактарда өз жүзүн, өз маалыматтарын коюп туруп анан сүйлөп чыга берсин. Каалаган претензиясын айтсын», — дейт депутат.
Эң демократиялуу өлкө саналган Америкада дагы фейк аккаунттар менен наркосоодагерлер, вербовщиктер жашырынып иш кылышат экен, деди Осмонова.
“Алтургай эң демократиялуу өлкө саналган Америкада дагы фейк аккаунттардын артында наркосоодагерлер, наркокартелдер турат экен. Ал гана эмес, ушундай фейк-аккаунттар менен ар кандай жаман иштерге үгүттөөчүлөр (вербовщик) турат”,- деп белгиледи депутат.
Анын билдиришинче, алар мессенджерлер менен ар кандай каттарды жазып, жарандарды жазгырып, алдашат. Акча да сунушташат, ар кандай жаман иштерге азгырышат. Мына ушундай учурлар да көп экенин белгилеген депутат: “Анан эмне үчүн эле бул мыйзам долбооруна каршы чыгып, негативдүү мамиле кылып жатышат, мен түшүнбөйм. Тескерисинче, көптөгөн жарандар мындай мыйзам долбоору эчак эле керек болчу деп айтып жатышат”,- деп маалымдады.



