Коом
Жогорку кеңеште коронавирус катталды. Байланышта болгон эки депутат да анализ тапшырышты
Коронавирус диагнозу коюлган Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу эки депутат менен байланышта болгон. Бул тууралуу ММК булактары жазып чыгышты.
Булар депутаттар Каныбек Иманалиев жана Акылбек Жапаров. Алар, басма сөз кызматы жана кызматкерлери сыяктуу, кечээ COVID-19 тестинен өтүп, бүгүн үйдө болушат.
Бүгүн Нуракун уулу ооруканага жаткырылды. Ишемби күнү түштөн парламент имараты дезинфекциялана тургандыгы белгиленди.
Эскерте кетсек, кечээ ЖК Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу Фейсбук баракчасына коронавирус жуктуруп алганын жарыялаган эле.



