Окуялар

Кадамжайда адам уурдагандар кармалышты (фото)

Кадамжай районунун 56 жаштагы Т.У. аттуу тургуну 2020-жылдын 2-март күнү саат болжол менен 21.00 чамасында үйүнөн анын 27жаштагы уулу У.Ону белгисиз атуулдар чакырып чыгышып, белгисиз тарапка алып кетип калгандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Бул факты Кадамжай РИИБнин КЖБРне Жазык Кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган окуя боюнча Кадамжай РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ош шаарынын Жапалак айылынын 21жаштагы Р.Т., Ош облусунун Өзгөн районунун 22 жаштагы А.Э., Ош шаарынын 32 жаштагы С.Ж. жана РФ аймагында каракчылык фактысы менен мурда соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун 22жаштагы Т.Р. аттуу тургундары Ош шаарында изин жашырып жүргөн жеринен аныкталып кармалып келди.

Азыркы учурда аныкталып кармалып келген жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button