Коом
Бишкек мэри Азиз Суракматов коронавирус жуктуруп алды
Бишкектин мэри Азиз Суракматов коронавирус жуктуруп алганын шаардык муниципалитеттен бышыкташкан.
Азиз Суракматов үч күндөн бери изолияцияда. Мэрдин дене табы кичине-кичине көтөрүлгөн, илдет жеңил формада өтүп жатат, деп белгилешти.
Шаар башчысы өзүн сезүүсү жаман эмес экенин, бирок ПЦР-анализ коронавируска оң натыйжа бергенин айткан. Ошондуктан ал үйүндө, медиктер анын абалын көзөмөлгө алып жатышат.
Мэр үйүнөн туруп обочодон иштеп жатат. Шаардык жана ыкчам штабдар кадимкисиндей эле иштөө режиминде. Шаардын баардык кызматтары жана акимиаттар үзгүлтүксүз иш жүрүгүзүп жатышат.



