Коом

Коронавирус. 192 кишиден аныкталды, 3 киши каза тапты, абал өтө курч

Кыргызстанда акыркы суткада 192 кишиден коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, жаңы жуктурган учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Республика боюнча көрсөткүч:

  • Бишкек – 94
  • Чүй облусу — 62
  • Ош – 16
  • Ош облусу – 14
  • Ысык-Көл облусу – 2
  • Талас облусу – 2
  • Нарын облусу – 2

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан үч адам каза болду.

Анын айтымында, көз жумган бейтаптардын бири 59 жаштагы аял, Ош облустар аралык ооруканасында дарыланып жаткан. Экинчиси 61 жаштагы эркек киши, Кара-Суу районунун тургуну. Үчүнчүсү 62 жаштагы эркек киши Түп аймактык ооруканасынан үзүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүнкү статистика боюнча өлкөдө коронавирустан 35 адам каза тапты. Ал эми ооруну жуктургандардын саны 2981ге жетип, анын ичинен 1981 адам айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button