Коом
(Видео) Ассоль Молдахматова Кадыровдон Кыргызстандын карыларына 30 миң доллар бөлдүрдү

Кечээ Ассоль Молдохматова Чеченстанга Кыргызстандын карылар үйүндө жашап жүргөн 81 жаштагы Данга Битаевди жеткирип барган. Данга Битаевди алып келүүгө Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров атайын самолет жиберген. Грозныйдын аэропортунда Данга Битаев менен аны коштоп барган Ассоль Молдохматованы өтө чоң шаан-шөкөт менен тосуп алышкан.
Грозныйдан кайра Кыргызстанга кетип жатып, самолеттун бортунда Ассоль Молдахматова Чеченстандын президентине өтө чоң ыраазычылыгын билдирип, анын 30 миң доллар бөлгөнүн, бул каражатты Кыргызстандагы карылар үйлөрүнө эл алдында салтанаттуу түрдө бөлүштүрөөрүн убада кылды.



