Маданият
Айгерим Расул кызы соопчулук иштери үчүн «Ардак грамота» менен сыйланды

Ырчы, киноактриса Айгерим Расул кызы карантин убагында элдин аярлуу катмарына жардам бергени үчүн Ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасынан маалымат берди.

“Ардак грамота” менен сыйландым. Карантин маалында кыргыз элине кайдыгер карабаган инсандарды, Өкмөт жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги жогору баалап, ардак грамота менен сыйлашты. Министирибиз Кочкоров Улукбек Тойчубаевичке терең ыраазычылык билдирем! Элибиз тынч, ден-соолукта, ынтымакта болсун!”



