Коом
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Болот Шер дүйнө салды

Мурдагы депутат, коомдук ишмер Болот Шер 61 жашында ооруканада көз жумганын бир тууганы, ЖК депутаты Садык Шер Фейсбук баракчасына жазды:
“Баатырыбыз дагы, асылыбыз дагы Бокемден айрылып калдык…
Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11 де өтөт”.
Эске салсак, экс-депутат Болот Шер 12-июнга караган түнү инсульт алып, ооруканага түшкөн. Андан кийин абалы жакшырып калганы айтылып, дарыгерлер мээсине операция жасашмак.
Болот Шер Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, төраганын орун басары болгон. 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттө Ички иштер министри болуп иштеген.
Ал 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Пушкин айылында туулган. Артында эки уул, эки кызы калды.



