Коом

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кетсе «Өзгөчө абал» киргизилеби?

Акыркы кездеги Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылышынан улам коомчулук Өзгөчө абал режими киргизилеби деген тынчсыздануу суроолорду беришүүдө. Бул тууралуу Саламаттыка сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди:

«Тилекке каршы, эгер бул улана берсе, катаал чараларды көрүү керек жана эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен чектөө чараларын киргизүү керек»,- деди Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

“Биз байкоо жүргүзүп жатабыз. Эгерде эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кетсе, анда, чектелген аймактарда чектөөлөр киргизилет. Айрым аймактарга чектөө киргизүүнү, ошондой эле айрым объектилерди жаап салууну сунуштайбыз ”,-деди ал.

Министр эскерткендей, Бишкекте дем алыш күндөрү коомдук транспортту токтоттуу чечими кабыл алынган. Бул байланыштарды азайтуу жана коронавирустук инфекциянын жайылышын чектөөгө байланыштуу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button