Окуялар

Экс-депутат, мамлекеттик ишмер Болот Шердин сөөгү жерге берилди

Бүгүн экс-депутат, мамлекеттик ишмер Болот Шердин сөөгү жерге берилди. Буга чейин маркум өзүнүн керээзи боюнча сөөгү Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылына коюлары айтылган эле.

Эскерте кетсек экс-депутат Болот Шер 61 жашында ооруканада каза болду. Ал 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканага түшкөн. Андан кийин абалы жакшырып калганы, бирок комадан чыга электиги айтылган болчу.

Болот Шер Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2005-жылы спикердин орун басары болсо, 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттө ички иштер министри болуп да иштеген.

Болот Шерди акыркы сапарга узатууга анын кесиптештери, саясатчылар, депутаттар барышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button