Кыргызстандын медицина кызматкерлери: Дарыгерлердин аброюна шек келтирген Мадумаров кечирим сурасын!

Дүйнө мамлекеттерин каптап, түмөн түйшүккө салып жаткан коронавирус пандемиясы учурда Кыргызстанда да күчөп турган маалы. Акыркы күндөрү суткасына 200дүн тегерегинде жаңы катталган учурлар чыгууда. Ал эми дүйнө жүзү боюнча бул илдетке чалдыккандардын саны 9 миллионду чамалап барды. Ошого карабастан айрым жарандар «Бул жок оору, кыргыз бийлиги жөн эле элдин башын айлантып жатат» деген жалган кептерди таратып келишет. Өкүнүчтүүсү, мындай жалган маалымат айтып, элдин көңүлүн бургусу келгендердин башында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун турганында болууда.
Адахан мырзанын мындай билдирүүлөрү байма-бай чыгып жатканынан улам өлкөбүздүн дарыгерлери атайын кайрылуу жасашты. Төмөндө кайрылуунун текстин толук келтиребиз.
Урматтуу Кыргызстандын жарандары!
Биз Кыргызстандын дарыгерлеринин атынан кайрылууга аргасыз болуп турабыз. Ага себеп саясатчы, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Адахан Мадумаровдун маалымат каражаттары аркылуу COVID-19 пандемиясына байланыштуу айтып жаткан билдирүүлөрү болууда. Ал жакында эле журналисттердин бирине берген маегинде: «Ар бир жуктуруп алган кишиге 200 миңден акча беребиз деп «лап» эттирип айтып коюшту эле, анан «мага жугуп калды» деп көптөгөн дарыгерлер ооруп калышпадыбы байкуштар. Жок оору менен «ооруп» калышты. «Ооруп» калгандарды жок дары менен «дарылашты». Кандай дейсиз? Бул бир гана Кыргызстанда болот», — деп айтып жатат.
Өтө өкүнүчтүү. Мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген, аттуу-баштуу саясатчынын айта турган сөзү эмес эле бул. Биздин оюбузча Адахан Кимсанбаевич деле коронавирус илдетинин бар экенине жана анын адам өмүрүнө кооптуулуугуна ишенет. Бирок, ал оппозициячыл саясатчы катары бийликке каршы сөз айтуу үчүн пандемияны да саясий нукка буруп жаткансыйт.
Баарыңыздар көрүп-билип тургандай, акыркы бир нече күндөн бери COVID-19 вирусунун жаңы катталган учурлары бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө өтө көп болууда. 21-июнда бүткүл дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуккан рекорддук 183 020 учур аныкталды. Ага чейинки рекорд – 150 миңден ашык учур 18-июнда катталган. Бүгүнкү күнгө чейин бир гана Америка Кошмо Штаттарында 2 миллион 300 миңден ашуун адамга илдет жугуп, алардын 120 миңден ашыгы жарык дүйнө менен кош айтышты. Бразилияда 1 миллион 100 миңден ашык киши бул илдетке чалдыкты. Алардын 51 миңи каза тапты. Россияда 600 миңге чукул киши илдет жугузуп алып, 8 миңден ашыгы жарыкчылык менен коштошту. Индияда 440 миңден ашуун илдет катталып, 14 миңи каза тапса, Улуу Британияда 306 миңден ашуун адам илдетти жугузуп алып, 42 миңден ашыгы каза тапты. Ал эми Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 3519 адам болсо, алардын 41и оорудан улам өмүрү менен кош айтышып калды.
Ошондо Адахан Кимсанбаевич кантип коронавирус илдетин жок деп жатат? Анан дагы ал кантип «Мындай нерсе Кыргызстанда гана болот» деп айтууга оозу барды? Же ал дүйнө жаңылыктарынан кабардар эмеспи?
Анын айтымында, дарыгерлер 200 миң сом үчүн «ооруп калып» жатыптыр. Ушунчалык да түркөй болууга мүмкүнбү? Адам өмүрү, адам саламаттыгы ар кандай суммадагы акчадан алдаканча жогору турат. Эч бир дарыгер акча үчүн өзүн «ооруга чалдыктым» дебейт. Андайды балким акча үчүн саясий позициясын өзгөртүп жиберүүгө шыктуулар гана жасашы мүмкүн. Ошондуктан бүтүндөй дарыгерлердин аброюна шек келтирген Мадумаров кечирим сурасын. Ошондой эле биздин ордубузга жок дегенде бир күн иштеп көрсүн. Мына ошондо Мадумаровдун көзү ачылат беле дегенибиз.



