Окуялар

Батукаевдин иши: экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева камактан кутулду. Өкүмгө макул эмес

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз  Баткуаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин соттук териштирүү аяктады.

Сот Эмилбек Каипов экс-башкы прокурор Индира Жолдубаеваны  5 миллион сом айып төлөөгө өкүм чыгарды.     

Эскерте кетсек мамлекеттик айыптоочу Индира Жолдубаевны 15 жылга кесүүнү суранган болчу.

И. Жолдубаеванын адвокаты Алия Турумбекова жактоочу да, айыпталуучу да соттун чечими менен макул эмес экенин билдирди.  

«Индира Жолдубаевага чыгарылган өкүм мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз. Менин жакталуучумду кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп жатышат. Иш жүзүнө келгенде, кызмат абалынан пайдалангыдай  анда эч кандай буйрук берүүчү функциялары болгон эмес (Индира Жолдубаева ал кезде президенттик аппаратта иштөөчү-ред.). Андыктан Индира Жолдубаева сотко буйрук бере алмак эмес», — деди адвокат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button