Коом

COVID-19дан коркушуп, парламенттин жыйынына депутаттардын көпчүлүгү келген жок

Бул тууралуу 24. кg, маалымат агенттиги жазып чыкты.      

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнүкү пленардык жыйындын күн тартибин бекитишти. Бул тууралуу пресс-кызматтын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдиргенин маалымдады  24. кg агенттиги.   

Анын маалыматтары боюнча анча деле күйүп аткан мыйзам долбоорлору жок.

Түштөн кийин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун 2019-жыл үчүн отчету угулат.

Буга чейин ЖКнын вице-спикери Аида Касымалиева 24.kg агенттигине 91 депутат катталды деп билдирген. Бирок, Ибраим Нуракун уулунун жарыялаган фотолоруна караганда залда 30га жетпеген гана киши олтурат, дейт агенттик.

Парламенттин алтынчы чакрылышы бүгүн биринчи жолу прессасыз жана радио-теледен түз көрсөтүүсүз өтүп жатат. Депутаттардын жана ЖКнын кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктургандар аныкталгандан кийин, кабыл алууга келгендерди жана ММКанын өкүлдөрүн “Ак үйгө» киргизбей жатышат.

Эскерте кетсек Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу коронавирус жуктуруп ооруканада. А пресс-кызматтын калган кызматкерлери терс анализ чыккандарына карабай изоляцияда, ошон үчүн  онлайн-эфирлер да өтпөй турат.

Булак: 24.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button