Саясат

Атамбаевчилердин табасы канбай эле койсун, оору айттырбай келет, өзгөчө коронавирус!

Президент Жээнбековдун Москвадагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышпай калгандыгын соцтармактарда ар кандай чечмелеп киришти.

Президенттин басма сөз катчысы тараткан маалыматында эмнеге катышпай калгандыгы так, даана көрсөтүлгөн. Президент аны коштоп баргандардын арасынан коронавирус аныкталгандыктан, парадга катышуудан кармана турууну чечкени боюнча жана анын катышуусу иш-чарага катышып жаткандарга карата жоопкерчиликсиз кадам катары бааланып калат эле деп түшүндүрмө берилген.

Буга карабастан, баягы диван эксперттери ооздорун каалагандай чое башташыптыр. Мындай шартта кичине Кудайды карап, оюн айтышы керек да.

Кыргызстандын атынан Президент, эл гана сүйлөй алышы керектигин эске албаган эксперт сөрөйлөр, кошуна кемпир менен ушакташкан кебин интернетке чейин алып чыкканы жийиркентет жөн эле. Биздин ата-бабаларыбыздын бул Жеңишке кошкон зор салымдарына таазим этүү максатында жалпы кыргызстандыктардын атынан Мамлекет башчысы катары барып жатканын дагы түшүнбөптүр, буларың. Демек, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштеги ата-бабаларыбыздын эрдигине деле мээлери жетпейт экен.

Бул КОВИД-19 вирусунун өзгөчөлүгү качан, кайдан жукканы билинбестигин күнүгө теледен какшап, сак болгула деп айтып жатат. Демек Москвага баргандар деле кандай шартта жуктуруп алышканын аныктоо кыйын.

Анан келип алып, башына оору түшкөн жарандарды тепкилөө адамгерчиликсиз сапаттын эң төмөнкү даражасы болуп саналаарын да аңдашпай, ажылдашканы курусун.

Ошол эле маалда эми АШАчылар дагы табасы канып, кечээ соттордун чыгарган чечимине байланыштырып, өзүнчө жыргап алышыптыр. Деги кыргыз ушундай табачылдардын айынан оңолбойбуз.

Келип алып, “кыргыз президентин Путин атайын катыштырбай койду да, анткени ал саткынчы” дейт. Бул кандай акмакчылык. Мунун өзү Мекенин, эл башчысын, жерин саткандык болуп саналат.

Оозум бар деп орок оруп, бир жерим бар деп каалаган жерди булгаган мындай акмактар кыргыз коомчулугун иритип-чиритип баратышат.

Таалай Баатырканов

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button