Коом
«Жигиттерге шерменде кат» жазган Гүлзат «Мен силерге Самарамынбы?!» деп катуу ачууланды

Май айынын экинчи жарымында «килтиңдеген», «боозуп калган» «Жигиттерге шерменде кат» жазып, аты Интернет айдыңында алыска тараган Гүлзат Ормонбекованын популярдуулугун Фейсбуктагы топтор эксплуатация кылуу максаты менен туш-туштан чапкенедей жабыша баштаган окшойт го, сыягы, Москвада жашаган акын-медик кызыбыз катуу ачууланып пост жазыптыр:
«Группалардын админдери!
ФБда канча группа болсо,почти баарынан «одобрять» этип койчу деп келип атат.
Мен эмне силерге Самарамынбы?
Көрүнгөн жерге шайлап кое бергидей!
Группа ачтыңарбы, өз колуңарга алгыла! Мен одобрить эткич болуп иштебей эле койдум, силерге! «Надоело » уже!!!»




