Маданият

Ырчы Аскат Мусабеков менен ырчы кыз Миргүл Асаналиева баш кошту

Кечээ, 25-июнь күнү  белгилүү ырчы, аткаруучу, маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабековдун үйлөнүү тою өттү.

Тойдо күйөө жолдоштук кызматын кылып жүргөн жакын досу, ырчы, маданияттын мыкты кызматкери Алтынбек Кыдыралиев бул тууралу ММК булактарына маалымат берген. Ал:

“ Аскаттын өмүрлүк жары, буюрса, кыргыз элине жакшы ырлары менен таанылып  келе жаткан, таланттуу ырчы кыз — Миргүл Асаналиева. Аскаттын  келинчеги Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылынан, ал эми Аскат өзү  Ак-Моюн айылынан болот,- деп билдирген.

Эске салсак, түгөйлөр бугам чейин “Өмүрлөшүмө” аттуу ырды чогуу аткарышкан.

Аскат Мусабеков буга чейин белгилүү кыл кыякчы Залина Касымовага үйлөнүп, турмуш  жолу болбой эки ажырым жолго түшүшкөн. Ортолорунда бир кыз, бир уулу бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button