Окуялар

Милицияга баш ийбей качкан мас абалындагы дарыгер кармалды

2020-жылдын 25-июнь күнү Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери болжол менен саат 02:30 чамасында Фрунзе-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен “Хонда Фит” үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу мас абалда башкарып бара жаткандыгы шек жараткан.

Автоунаанын айдоочусун текшерүү үчүн токтоткон. Бирок, кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей, изин жашырып кетүүгө аракеттенген.
Качуу учурунда Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнөн өтүп, жарандардын коопсуздугуна жана ден-соолугуна коркунуч жаратып, коомдук тартипти бузуп, Панфилов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен “Хонда Фит” үлгүсүндөгү авто унааны сүзүп, андан ары качып жөнөгөн.

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Калык Акиев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен эскертүү иретинде асманга эки жолу ок чыгарган. Кызматкерлердин ыкчам көрүлгөн иш аракеттеринин натыйжасында, Салиев-Буденный көчөлөрүнөн кесилишинен унаанын дөңгөлөгүнө бир нече жолу ок атып токтотушкан.

Өздүгүн тактоо учурунда 1987-жылы туулган Ө.Ж. аттуу жаран экендиги жана өзүнүн айтуусу боюнча Бишкек шаарындагы Жугуштуу оррулар ооруканасында врач болуп эмгектенээрин айткан, текшерүү учурунда мас абалында экендиги аныкталып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Аталган окуя Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button