Коом
Учурда тумоолоп жаткандын баарыныкы коронавирус! Бишкек мэриясы элге кайрылды
Акыркы мезгилде Кыргызстанда коронавирус илдети жайылып аткан кез. Өзгөчө Бишкек шаарында жуктургандардын саны арбын. Бул тууралуу Бишкек мэриясы да кабатырланууда.
“Учурда сасык тумоо сыяктуу ооруп жаткандардын баары коронавирус”,- деген пикирин брифинг учурунда Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев айтты.
«Жайкысын качан грипп болчу эле, бул коронавирус. Шаарда вирус бардык жерде жүрөт. Бүгүн эле ооругандардын саны 100дөн ашты. Сак болгула», — деди Түлөбаев.
Мындан тышкаары, ал шаардыктарга кайрылып, алдыдагы күндөрү өтө зарыл болбосо сыртка чыкпай эле коюуну жана коргонуучу каражаттарды колдонуу зарылдыгын эскертти.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны 1 547ге жетти.



