Коом

Коронавирус. Жуктургандар үчүн дагы 335 орун дайындалды

Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылышынан улам, бүгүндөн баштап коронавирус жуктургандарды дарылоо үчүн Курортология жана калыбына келтирип дарылоо боюнча кыргыз илимий-изилдөө институтунда 335 койка дайындалып, ишке берилди. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“Зарыл учурда орун жетиштүү болсун деп Курортология жана калыбына келтирип дарылоо боюнча кыргыз илимий-изилдөө институтунда 335 койканы ишке бердик. Ал жакка Тез жардам кызматы аркылуу келгендер жаткырылат”, — деди Каратаев.

Мындан ташкары, ал Бишкектин кайсы ооруканалары коронавирус жуктургандарды кабыл аларын жана канча орун бар экенин да эске сала кетти. Маалыматка ылайык, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 204 койка, Кыргыз-түрк достук ооруканасында 71 койка, шаардык клиникалык №6 ооруканада 60 орун бар. Эскерте кетсек, өлкөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 4 204кө жетип,  43 көз жумду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button