Суусамырга маркумдун ашына барган сокулуктук тургундардын экөө коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө
мезгилсиз дүйнөдөн өткөн маркумдун ашына Сокулук районунан он чакты адам
барган. Алардын
экөөнөн коронавирус илдети аныкталды.
Аймактык
кабарчыга белгилүү болгондой, 18-июнда өткөн ашка Суусамыр айыл өкмөтүнүн
башчысы Урмат Отунчиев да барган. Анын биринчи анализи таза чыккан. Эми экинчи
анализин тапшырганга чейин 14 күндүк үй карантинде болот.
Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынан ашка аз эле киши катышканын
билдиришти.
«Айыл өкмөт башчысынын анализи таза чыкты. Ал эми Суусамырдагы ашка аз эле киши
чогулду. Алардын арасында Сокулук районунан келген он чакты адам бар. Ошолордун
биринен коронавирус илдети чыгыптыр. Калгандары таза», — деп айтылат
маалыматта.
Урмат Отунчиев: «Куран окутууда 5-6 эле киши болгонбуз. Мындайча айтканда, өтө
жакын туугандар чогулдук. Сокулуктан бир-эки тууганыбыз келишти. Куран окутуу
азыркы кырдаалга жараша өттү. Сокулуктан келген эки адам үйүнө баргандан кийин
3 күндөн соӊ ооруп башташкан. Анализдерин тапшырса, экөөнөн тең коронавирус
аныкталыптыр. Андан кийин биз текшерилдик. Биздин анализдер таза чыкты. Азыр 14
күн үйдө болом. Андан соӊ кайра анализ тапшырам. Негизи ден соолугум жакшы», —
деди.
Булак: Turmush



