Коом

Быйыл абитуриенттер үйүнөн чыкпай эле каалаган окуу жайына тапшыра алышат

Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлиги азыркы кырдаалга жараша, быйылкы окууга тапшыра турган абитуриенттер үчүн өтө ыңгайлуу жаңы эреже киргизди.

Ал эрежеге ылайык, жылдагыдай абитуриенттер окуу жайларын кыдырып, талонду каттатып, андан соң жашикке салышпайт. Баары интернет аркылуу болот. Министрликтин сайтында Кыргызстандагы окуу жайларынын тизмеси берилет. Абитуриент каалаган окуу жайын тандап, атайын форманы толтуруп, эмне талап кылынса ошону толук аткарып туруп, баарын интернеттен эле жөнөтүп коет.

Конкурстун тыянагын да да интернеттен көрөт.

Окууга өтүп калса, макулдугун да интернет аркылуу берет.

Тийиштүү документтерин кийин, күздө, окуу башталганда ала келет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button